Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

ДСУ: Кыргызстанга айып салынары анык эмес


Дүйнөлүк соода уюмдун Женевадагы кеңсеси. 26-июль, 2018-жыл.
Дүйнөлүк соода уюмдун Женевадагы кеңсеси. 26-июль, 2018-жыл.

Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) Кыргызстанга айып пул салынышы мүмкүн деген маалымат боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

"ДСУ финансылык жаза чектебейт. Андыктан Кыргыз Республикасына уюмдун эрежелерин бузганы үчүн 300 миллион доллар айып пул салат деген кабар так эмес", - деп айтылат уюмдун "Азаттыкка" жолдогон электрондук катында.

Катта белгиленгендей, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргенден улам пайда болгон тариф милдеттенмелерине байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмунун башка мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөргө катышып жатат.

"Бул процесстин алкагында, эгер башка мүчө мамлекеттер тариф милдеттенмелериндеги өзгөрүүлөр кыргыз рыногуна мурдагыдай жагымдуу шартта кирүү мүмкүнчүлүгүн азайтып койду деп ишенсе, кенемте талап кылышы ыктымал. Бирок сүйлөшүүлөрдө базарга кирүү мүмкүнчүлүгүн баланстоо үчүн тарифтерди жогорулатууга же азайтууга көңүл бурулат. "Айып пул" жөнүндө сөз жок, - деп айтылат уюмдун жообунда.

5-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстан ЕАЭБге киргенде ДСУнун кээ бир эрежелерин бузганы үчүн ири өлчөмдө акчалай айып төлөөгө кириптер болуп жатканын айткан.

«Эми ошого байланыштуу уюм койгон санкциянын негизинде ири өлчөмдө акчалай айып төлөшүбүз зарыл. Эксперттер «250-300 миллион доллар болушу мүмкүн» деп айтышууда", - деп билдирген депутат.

ДСУга кирген өлкөлөрдө бир катар товарларга бажы төлөмдөрү төмөн болушу керек. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондо анын өлчөмү көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG