Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Казакстандын Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы бул өлкө менен чектешкен өткөрмө бекеттерде чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
“Токмок, Кең-Булуң, Акжол, Ак-Тилек өткөрмө бекеттеринде күчөтүлгөн режимге өтүштү. Бул өлкө менен чектешкен калган бекеттер кадимки режимде иштеп жатат”, - деди Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева.
7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чектеш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары.
Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.
Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орун алган жапырт мушташка байланыштуу, “полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат", - деп "Твиттердеги" баракчасына жазды.