7-февралда башалмандык орун алган Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында бир нече имарат өрттөнүп кеткен.
Алардын арасында ашкана, дүкөн жана автоунаалар бар. Бул тууралуу чатак орун алган айылга барган “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары билдирди. Маалыматка ылайык, 8-февралга караган түнү полиция аталган аймакка эч кимди киргизген жок.
“Азаттыктын” кабарчылары жергиликтүү тургундарга айтканына шилтеме берип жазышынча, зыянга учураган турак үйлөр да көп. Учурда аймакта полиция, куткаруу кызматынын өкүлдөрү жүрөт. Азырынча жаңжалга себеп болгон жагдайлар расмий түрдө айтыла элек.
Айыл тургундары Масанчиден башка Каракемер айылында да үйлөр өрттөлгөнүн айтышууда.
Кордай айылына караштуу Масанчи айылы Кыргызстандын Токмок шаары менен чектеш жайгашкан. Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бөлүгүндө чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орун алган жапырт мушташка байланыштуу, “полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат", - деп "Твиттердеги" баракчасына жазды.