Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Токаев кыргыз-казак чек арасына жакын айылдагы жапырт мушташ тууралуу пикирин билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарындагы жапырт мушташка байланыштуу пикирин билдирди.

"Кордай районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат" деп жазды "Твиттер" баракчасына казак президенти.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары.

Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

"Азаттыктын" казак кызматынын жазганына караганда, Кордайдагы массалык мушташка байланыштуу полиция учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG