Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Кордайдагы жаңжалдан соң 18 адам Токмоктогу ооруканага кайрылды


Казакстандагы Масанчи айылы. 8-февраль, 2020-жыл.
Казакстандагы Масанчи айылы. 8-февраль, 2020-жыл.

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан соң чектеш Токмок шаардык ооруканасына 18 адам кайрылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 17си казакстандык, бирөө кыргызстандык.

Учурда 10 адам ооруканага жаткырылды. Алардын сегизи Токмок шаардык ооруканасында болсо, экөө Бишкекке жөнөтүлдү. Абалдары орто деп бааланууда. Калгандары алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң кое берилген.

Чек ара кызматы жаңжалдан кийин "Кең-Булуң" жана "Токмок " өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй агылган адамдардын саны көбөйгөнүн кабарлады. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар.(BkA)

XS
SM
MD
LG