Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" бекетинде 200дөй адам турат


Кыргыз-казак чек арасындагы Кыргызстандын аймагындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде 200гө жакын адам турат.

Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Топтолгондордун көпчүлүгү дунган тектүүлөр Казакстандан туугандарын күтүп жатышканын айтышууда. Алар бекеттин жанында ысык тамак уюштурушкан.

Өткөрмө бекеттен өткөндөр Казакстандын аймагында бир топ адамдар топтолуп турганын айтышты.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматынан Казакстандын Кордай районундагы чырдан кийин "Кең-Булуң" жана Токмок бекеттеринен өткөндөрдүн саны көбөйгөнүн жарыялаган. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана башка бир нече айылда жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон. Анын кесепетинен сегиз адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алган.

Казак бийлиги бул окуяны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздү.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул окуядан соң Токмок шаардык ооруканасына 18 адам кайрылганын кабарлады. Алардын 17си казакстандык болсо, бирөө кыргызстандык.(BkA/AiN)

XS
SM
MD
LG