Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:01

Түркмөн президенти уулун министрликке дайындады


Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри кылып дайындады. Бул тууралуу 8-февралда өлкөдөгү мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялады.

38 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыртан бери Ахал облусунун башчысы болуп иштеп келген. Түркмөн лидеринин уулун кезектеги жогорку кызматка дайындашы “мураскерди” таптоо аракети катары кабыл алынууда.

Жаңы кызматта кенже Бердымухамедов Ахал аймагынын жаңы борборун куруу боюнча амбициялык долбоорду ишке ашыруу менен алектенери пландалууда. Өткөн аптада президент Гурбангулы Бердымухамедов жаңы калааны курууга 1,5 миллиард доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Ахал аймагы - өлкөнүн борбору Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектеш, стратегиялык жактан маанилүү ири облус. Бердымухамедовдор ушул аймакта туулуп-өскөн.

Сердар Бердымухамедов буга чейин тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалаган. Ошондой эле түркмөн парламентинин мүчөсү болуп саналат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG