Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында армия капралы жайкын адамдарга ок атты. Анын айынан кеминде 15 адам каза тапканын жергиликтүү полиция кабарлады.
Жакрапант Томма аттуу аскер алгач үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдап кеткен. Андан соң шаардагы ибадатканын жана соода борборунун жанынан өтүп бараткандарга ок аткан.
Томма кол салуунун видеосун "Фейсбуктагы" баракчасына жарылаган. Алардын биринде “колго түшүп берейинби?” деп суроо салып жатканын көрүүгө болот.
Полиция жана армия учурда кылмышка шектүүнү издеп жатат. Шаар бийлиги тургундарды көчөгө чыкпай турууга чакырды.
Bangkok Post гезити "кылмышка шектүү бир нече адамды барымтага алып, соода борборлорунун биринде жашырынып жатышы мүмкүн" деп жазды.