Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Коомдук комиссия күч органдарынын жетекчилеринин Кой-Таш боюнча жоопкерчилигин кароого чакырды


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Коомдук комиссия Кой-Таш окуясына жооптуу укук коргоо органдарынын жетекчилерине чара көрүүнү бийликке сунуш кылды.

Бул тууралуу “Элдик курултай” уюму түзгөн Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев Бишкекте 8-февралда өткөн курултайда билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция абдан начар уюштурулган.

Кой-Таш окуясын иликтеген коомдук комиссиянын 11 киши мүчөсү бар. Алардын катарында Табылды Акеров, Чолпонбек Абыкеев, Сапарбек Аргынбаев сыяктуу укук коргоочулар, коомдук ишмерлер бар. Дагы бир мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов буга чейин комиссияны "бир тараптуу иш алып барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди каралап жатат" деп, анын катарынан чыгып кеткенин билдирген.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясын мамлекеттик комиссия иликтеп, былтыр жыл аягында парламентке маалымат берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG