Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Москвада көзөмөл камераларга каршы чыккандарды кармап кетишти


Москвада кармалган активисттер, 9-февраль 2020-жыл
Москвада кармалган активисттер, 9-февраль 2020-жыл

Москвада адамдын жүзүн тааный турган системаны колдонууга каршы чыккан бир нече активистти полиция кармап кетти.

Аларга уруксат берилбеген акцияга катышкан деген күнөө тагылып жатат. Активисттер беттерин боёп алып президенттик администрация жайгашкан имараттын жанына чогулушкан. Социалдык медиада өткөн айдын аягында «Следуй» деген акция башталган.

Уюштуруучулар камераларда таанылбаш үчүн жүзүн атайлап боёп алышканын айтышууда. Кытай жана Батыш өлкөлөрү менен катар Орусияда да көзөмөл технологиялары жайылууда.

Орусиянын Ички иштер министрлиги системага Москвадагы 175 миң видео камера туташтырыла турганын ырастоодо. Башкалаа адамдын жүзүн таануучу системага жабдууларды алуу үчүн дагы миллиарддаган рубль коротмокчу.

Жакында "Amnesty International" эл аралык уюму Орусиянын андай системаны кеңейтүү планын сындады. Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюмдун ырастоосунда, камераларды коомдук акциялар маалында орнотуу иш-чаралардын катышуучуларына "сөзсүз терс таасирин тийгизет".

XS
SM
MD
LG