Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Иран орбитага сателлит учурууга даярданууда


Хомейни атындагы космодром. Семнан, Иран
Хомейни атындагы космодром. Семнан, Иран

Ирандын министрлер кабинети 9-февралдын кечинде сателлит учуруларын жарыялады. Алдыңкы күнкү кабарларда учуруу белгисиз мөөнөткө жылдырылганы айтылган.

Жекшембиде Маалымат жана байланыш министри Мохаммад Жавад Азари-Яхроми «Зафар» деп аталган сателлит орбитага 9-февралда Семнан космодромунан учуруларын билдирди. Бул тууралуу “Рейтер” IRIB маалымат агенттигине шилтеме берип жазды.

Өткөн жылы кеминде эки жолу Ирандын сателлит учуруу аракети ийгиликсиз аяктаган. АКШнын расмий адамдары Тегерандын сателлит программасы баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү долбоорунун бөлүгү, андай технологиялар өзөктүк дүрмөт ташый алат дешет. Иран бул айыптоолорду четке кагууда.

2018-жылы АКШ Ислам жумуриятынын өзөктүк программасын ооздуктоону караган эл аралык келишимден чыккандан бери тараптардын мамилелери курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG