Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Азербайжанда парламенттик шайлоо өттү

Бакудагы добушкана. 9-февраль, 2020-жыл.
Бакудагы добушкана. 9-февраль, 2020-жыл.

Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду. 9-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 19:00дө добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын жабылышына 2 саат калганда элдин катышуусу 44,84% түзгөнүн билдирген.

Буга чейин кайталап добуш берүү, добушканалардагы видео чагылдыруунун үзгүлтүккө учурашы, өз алдынча байкоочуларга тоскоолдук кылуу сыңары мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарланган.

Баштапкы санактар 10-февралда белгилүү болмокчу.

Парламенттеги 125 мандат үчүн 19 партиядан 272 талапкер ат салышты. Оппозициялык айрым партиялар кезексиз өткөрүлгөн шайлоону бойкот кылышкан. Алар маалымат каражаттарында орун дээрлик берилбегенине, тынч жыйын-чогулуш өткөрүү укугу чектелгенине нааразылыгын билдирип келишти.

XS
SM
MD
LG