Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Өкмөт Ат-Башыга курулуучу логистикалык борбор боюнча маалымат берет


«Ат-Башы хабынын» схемасы.
«Ат-Башы хабынын» схемасы.

10-февралда Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынышы пландалып жаткан логистикалык борбор тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны болот. Анда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек уулу Шумкарбек, экономика министринин орун басары Султан Ахматов жана аталган министрликке караштуу аймактык башкармалык башчысынын орун басары Улан Сопукеев борбордун иши, ага ээлик кылуучу тарап тууралуу жана башка маалыматтарды журналисттерге айтып беришет.

Логистикалык борбор куруу долбоору «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына таандык. Аталган ишканага кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна кытайлык ишкер 280 миллион доллар сарптоого даяр экени, анда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок экени айтылган.

Чек арага жакын жерге мындай соода борборунун курулушуна каршы жергиликтүү элдин нааразылык акциясы күз айларынан бери уланып келе жатат. Каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деген чочулоосун айтышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG