Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

УКМК: эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдө тыюу салынган террордук уюмга кирүүгө адамдарды үгүттөп жүргөн киши кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 5-февралда кармалган 35 жаштагы шектүү Кыргызстандан жана Борбор Азиядан Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарына жарандарды жиберүүгө катышкан.

Бул факт боюнча тергөө органдары Жазык кодексинин 395-беренесинин («Жалданмачылык») негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзө баштады. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG