Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Жапония: Саякат кемесинде дагы 60 кишиден коронавирус аныкталды


«Diamond Princess» саякат кемеси Иокагама портунда. 6-февраль, 2020-жыл.
«Diamond Princess» саякат кемеси Иокагама портунда. 6-февраль, 2020-жыл.

Жапониянын Иокагама портунда турган «Diamond Princess» аттуу саякат кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасынан дагы 60 кишиден коронавирус аныкталды. Жалпысынан бул кемеде 130 киши ооруну жугузуп алганы билинди. Кемеде ар кайсы өлкөлөрдүн 3700 жараны бар. Алар карантинге байланыштуу 14 күн бою cыртка чыга алышпайт.

Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу оорудан соңку маалыматка ылайык 900дөн ашуун киши көз жумду. Дүйшөмбүгө карата коронавирус 40 миңден көп кишиге жукканы маалым болду. Алардын арасынан 3500дөй адам оорудан айыкты. Кытайда 908 бейтап, эки киши чет өлкөдө көз жумду. Расмий маалыматта Кытайда өлгөндөрдүн экөө чет элдик жарандар экени айтылат.

Соңку күндөрү вирусту жугузгандар үч-төрт миңге көбөйгөнү байкалды. Алардын көбү Кытайдын Хубэй провинциясынын, айрыкча Ухань шаарынын тургундары. Коронавирус былтыр декабрда дал ушул шаарда чыккан.

Кытайдын бийлиги катуу чаралар вирустун жайылышынын алдын алат деп ынандырып келет. Ошол эле учурда Бээжин башка өлкөлөрдү Кытай менен соода-сатыкка тыюу салбоого үндөп жатат.

Британ бийлиги дүйшөмбүдө вирус тарап кетүү коркунучу олуттуу экенин эскертти. Орусияда эки кытай жаранынан вирус табылды.

Коронавирус өпкөнү сезгентет, азырынча анын дарысы табыла элек. Бул жолку вирустан өлгөндөрдүн саны 2003-жылы тараган SARS (дем алуу органдарынын оор синдрому) оорусунан өлгөндөрдөн ашты.

XS
SM
MD
LG