Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Токмок ооруканасында эки казакстандык калды


Токмоктогу аймактык ооруканада ушул тапта Казакстандын эки жараны бар, алардын абалы туруктуу. 10-февралда эки адамды Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги алып кетти. Ал эми бирөө ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу аталган ооруканадан кабарлашты.

9-февралда Кордайда жараат алган сегиз казакстандык Алматыга жиберилген. Аларды Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров алып кеткен. 8-9-февраль күндөрү медициналык жардам сурап, 34 казакстандык кайрылган. Алардын ичинен 21 киши ооруканага жаткырылган. 13 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

8-февралга караган түнү Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан он адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алган. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. Буга байланыштуу башамаландыктан соң Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG