Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Оштун экс-мэри Мырзакматовдун соту 25-мартка калды


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 10-февралга белгиленген соту 25-мартка жылып калды. Бул маалыматты Жогорку сот тастыктады. Кабарларга караганда, сотту жылдырууну экс-мэрдин жактоочулары өтүнүшкөн.

Азырынча укук коргоо органдарынан экс-мэрге карата кайсы иш боюнча сот отуруму болуп жатканын тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген» деген айып коюлган. 2015-жылы жайында Ош шаардык соту Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG