Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Европаны катуу бороон каптады


Франциянын түндүгүндөгү бороон. 9-февраль, 2020-жыл.
Франциянын түндүгүндөгү бороон. 9-февраль, 2020-жыл.

Европанын түндүк аймагын катуу бороон каптап, жүздөгөн аба каттамдары токтоду. Британияда «Киара» деп аталган жаан аралашкан катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетти. Хебден-Бриж, Ланкашир шаарларында дарыялар нугунан чыгып, жүздөгөн турак жайды суу каптады. Бак-дарак кулап, электр зымдары үзүлдү.

Ушул эле бороон Германияда «Сабина» деп аталып, соңку жылдардагы эң катуу бороон-чапкын деп мүнөздөлүп жатат. Амстердамдагы «Схипхол» аэропортунда 240 аба каттамы токтотулду. Франция менен Ирландияда тургундарга эскертүү берилип, темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG