Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Кытайда вирустан көз жумгандардын саны миңден ашты


Кытайдын Ухань шаарындагы бейтапкана. 6-февраль, 2020-жыл.
Кытайдын Ухань шаарындагы бейтапкана. 6-февраль, 2020-жыл.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча Улуттук комиссиясы 11-февралга карата берген маалыматка ылайык, 1016 киши оорудан көз жумса, 3996 адам айыгып чыккан. Акыркы суткада коронавирус 108 адамдын өмүрүн алган. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 42 368 адам деп айтылат маалыматта.

Соңку күндөрү вирусту жугузгандар үч-төрт миңге көбөйгөнү байкалды. Алардын көбү Кытайдын Хубэй провинциясынын, айрыкча Ухань шаарынын тургундары. Коронавирус былтыр декабрда дал ушул шаарда чыккан.

Кытайдын бийлиги катуу чаралар вирустун жайылышынын алдын алат деп ынандырып келет. Ошол эле учурда Бээжин башка өлкөлөрдү Кытай менен соода-сатыкка тыюу салбоого үндөп жатат.

Британ бийлиги дүйшөмбүдө вирус тарап кетүү коркунучу олуттуу экенин эскертти. Орусияда Кытайдын эки жаранынан вирус табылды.

Коронавирус өпкөнү сезгентет, азырынча анын дарысы табыла элек. Бул жолку вирустан өлгөндөрдүн саны 2003-жылы тараган SARS (дем алуу органдарынын оор синдрому) оорусунан өлгөндөрдөн ашты.

XS
SM
MD
LG