Айеркен Саймаити жана анын жубайы 2010-2015-жылга чейин 932 миллион доллардан ашык каражатты Кыргызстандан которгон.
Бул тууралуу 11-февралда парламентте депутаттык комиссиянын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев билдирди.
Анын айтымында, Саймаити жалпысынан бул убакыт аралыгында 3475 транзакция жасаган. Анын ичинен Айеркен Саймаити 592 миллион доллардан ашык, ал түзгөн "Абдраз" фирмасы аркылуу 318 миллион доллар жана жубайы аркылуу 26 миллион доллар которулган.
Башкы прокуратуранын өкүлү журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар, Саймаитиге буга чейинки кол салуу, ага мыйзамсыз берилген паспорт боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдирди. Ал эми Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары жашыруун деген грифт коюлганын жана ал боюнча маалымат алуу аракети болуп жатканын прокуратура өкүлү кошумчалады.
2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Иликтөөдөгү башкы каармандардын бири Айеркен Саймаитини кийин Стамбулда белгисиз кишилер атып кетишкен.
Парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, мурдагы жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси катышып, маалымат берген. (BkA\SE)