Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев эскерилди

Бишкектеги Улуттук китепканада 11-февралда иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өттү. Аны "Улан Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.

Эскерүү кечесине Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси, жакындары, кесиптештери жана активист жаштар катышып, Эгизбаевдин эмгектери кийинки жаштарга үлгү болоорун белгилешти.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG