Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Аба ырайы: 12-февралда кар жаайт


12-февралда түнкүсүн жана эртең менен жаан-чачын болбойт, түштөн кийин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдорго муз тоңот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -3...-5, күндүзгү жогорку температурасы 5…7°.

XS
SM
MD
LG