Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Булак: Тажикстан Сирияда убактылуу элчилик ачат


Тажикстандык аялдарды жана балдарды мекенине кайтаруу үчүн Тажикстандын элчилери Сириянын Дамаск шаарында убактылуу иштейт. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына өкмөттөгү атын атабаган булак билдирген. Учурда Сириядагы качкындар лагеринде 500дөн ашуун тажик аялдар жана балдар бар.

Булак, «убактылуу дипломатиялык өкүлчүлүктү» ачуу боюнча Сирия бийлиги менен макулдашуу дээрлик аяктаган. Коопсуздукка байланыштуу айрым маселелерди чечүү жагы гана калды», - деп билдирген.

Булактын айтканына караганда, тажик элчилери Сирияда жашап жаткан тажикстандыктарды каттоого алуу, аялдар жана балдардын ДНК анализдерин чогултуу менен алектенет.

Буга чейин тажик дипломаттары Сириядагы качкындар лагерине кирүүгө уруксат ала албай келишкен. Учурда Сириядагы тажикстандыктарды мекенине кайтаруу жумуштары менен Тажикстандын Кувейттеги элчилиги алектенип келет.

Сириянын Эль-Хасака аймагында ар кайсы өлкөдөн барган 10 миңдей качкын бар. Көбү Сирияга күйөөсүн ээрчип барган аялдар. Расмий маалыматтар боюнча 2014-жылдан бери Тажикстандын 2 миңдей жараны Сирия жана Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен. (YI)

XS
SM
MD
LG