Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

"Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен" сынагынын 2-айлампасы өтөт 


2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. "Пресс конференция". Автору Абдибайит Турсуматов.
2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. "Пресс конференция". Автору Абдибайит Турсуматов.

3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фонду «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагын жарыялады.

Сынактын негизги максаты жана милдети:

Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланышкан маселелерге коомчулуктун назарын буруу, карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу.

Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кызыккандардын баары, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар катыша алат.

Талаптар:

  • Карикатуралар кагазда же картондографикалык же живопистик техникалардын бардыгында даярдалышы мүмкүн, форматы А4;
  • Карикатуралар санариптик форматта да даярдалышы мүмкүн (jpg, png же pdf, туурасы жана бийиктиги 1280х720p кем болбошу керек);
  • Сынактын катышуучулары тарткан эмгектерин маалымат каражаттарына акысыз жарыялоого (авторун жана сынактын аталышын келтирүү менен) макулдук.

Жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет. Сыйлыктар (бардык салык төлөмдөрү менен кошо эсептегенде) тапшырылат.

Эмгектер 10-февралдан 17-апрелге чейин төмөнкү даректерге жиберилиши керек:

720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө же болбосо journalist.kg@gmail.com электрондук дарегине «Карикатуралар сынагы» деген жазуу менен жиберет.

Жеңүүчүлөр 20-24-апрелде аныкталат жана эмгектер karikatura.journalist.kg, www.azattyk.org (“Азаттык Медиа”), kaktus.media )“Кактус Медиа” ), pk.kg (“ПолитКлиника”), t-media.kg (“Т-Медиа” ) сайттарына чыгат.

Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн жана кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турган калыстар тобу аныктайт.

Кошумча суроолор үчүн телефондор жана электрондук даректер:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223

journalist.kg@gmail.com, elvira.zhekeeva@gmail.com

Толук маалымат ушул шилтемеде.

XS
SM
MD
LG