Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Казакстанда сотко нааразы жарандар «Нур Отандын» кеңсесине келишти


10-февралда Казакстанда сотторго нааразы болгон 42 адам бийликтин башкаруучу "Нур Отан" партиясынын кеңсесине чогулушту.

Алар Казакстандын Атырау, Актөбө, Павлодар, Көкшетау жана Алматы шаарларынан келишкен. Алар өздөрүнө карата чыккан соттук чечимдер адилетсиз экенин айтып, иштин кайра каралышын, мекеме аралык комиссия түзүүнү бийликтен талап кылып жатышат.

Колдорунда «ачкачылык» деп жазылган барак кармап алгандар "Азаттыктын" казак кызматына өздөрүнүн арасында сот чечими менен мүлкүнөн ажыратылгандар, мамлекетке миллиондорду төлөп берүүгө милдеттендирилгендер бар экенин айтышты.

10-февралда "Нур Отан" партиясына чогулган 43 адам кеңседе түнөп калышкан. Түн жарымынан оогондон кийин айрымдары өзүн начар сезип, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, калгандары кайра кайтып келерин эскертип, тарап кетишкен.

Сотторго нааразы тургундар Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенттигине талапкер болгон учурда да "Нур-Отан" партиясынын кеңсесине чогулуп, соттун чечимдери боюнча мекеме аралык комиссия түзүүнү талап кылган. Бийлик бул талапты аткарууга убада бергени менен жарым жылдан бери аткарыла элек.

XS
SM
MD
LG