Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Ташкентте тыңчылыкка шек саналгандардын соту башталды


Ренат Сайфулин (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Ренат Сайфулин (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Ташкентте сот Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык иликтөөлөр институтунун мурдагы директору Ренат Сайфулиндин ишин жабык карап жатат. Ал Орусиянын кызыкчылыгына "мамлекеттик сырды ачкан" деп айыпталууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Бул иштин алкагында Мамлекеттик коопсуздук кызыматынын жана Коргоо министрлигинин он кызматкери өтүп жатат. Алардын катарында Куралдуу күчтөрдүн Биргелешкен штабынын башкармалыгынын жетекчиси Акбар Ярбабаев бар.

«Азаттык» радиосуна өзбек күч түзүмдөрүндөгү булак билдиргендей, айыпкерлерге былтыр Өзбекстанда «Патриот» гезитинин кабарчысы, эс алуудагы подполковник Владимир Калошинге тагылгандай кине коюлган. Ал дагы «мамлекеттик сырды ачкан» деп айыпталган.

Айыпталгандардын жакындары соттолуп жаткандар «аналитикалык корутунду гана даярдашканын, эч кандай жашыруун маалымат жана документ жоктугун» айтышат.

Кабарчылар адвокаттар менен байланышканда алар жооп берүүдөн баш тартышты. Сот айыпталуучулардын күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.

Рафик Сайфулин советтик доордо Мамлекеттик коопсуздук комитетинде - КГБда иштеген. Өзбекстан эгемендикке ээ болгон соң аналитикалык иш менен алектенип, Коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятовдун жакын адамы болгон.

XS
SM
MD
LG