Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Саймаитинин иши: комиссиянын жыйынына Сулайманов менен Матраимов чакырылат


Сулайманов жана Матраимов.
Сулайманов жана Матраимов.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чакырылат. Бул тууралуу 11-февралдагы жыйында комиссия төрагасы Талант Мамытов билдирди.

Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу 2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган иликтөөлөрдө Саймаити бир канча маалыматтарды ачыкка чыгарган. Ошол жылы ноябрда Саймаити Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Иликтөө көмүскө акча агымдарына Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Кийинчерээк Саймаити менен Алтынбек Сулаймановдун алакасы бар экени тууралуу сөздөр айтылган.

Депутаттык комиссия түзүүнү Сулайманов сунуш кылган. Башында Сулайманов өзү жана Райымбек Матраимовдун бир тууганы, депутат Искендер Матраимов да комиссиянын курамына кирген. Коомчулуктун сынынан кийин кайра андан чыгышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG