Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Сирия: Идлибде Асаддын армиясынын тик учагы кулады


Түркиянын армиясынын оор техникасы Идлибде, 10-февраль, 2020-жыл.
Түркиянын армиясынын оор техникасы Идлибде, 10-февраль, 2020-жыл.

Сириянын Идлиб провинциясында куралдуу козголоңчулар өкмөттүк армиянын тик учагын атып түшүрүштү. Бул тууралуу президент Башар Асаддын армиясы менен кармашып жаткан Сириянын оппозициялык күчтөрүнүн командачылыгы билдирди.

Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак Идлибдин Асадга каршы согушкандар көзөмөлдөгөн түштүк ыптасына түшкөн. Учкуч курман болду. Тик учакта дагы канча киши бар болгону айтыла элек.

Айрымдар тик учакты түрк армиясы атып түшүрүшү мүмкүн деп боолгошот. Сириянын оппозициясы болсо алар атып түшүргөнүн айтып жатышат.

Шейшембиде орусиялык учактар Идлиб шаарына абадан сокку урганы кабарланып, Интернетте кыйраган жерлердин сүрөттөрү чыкты.

Идлибде айыгышкан согуш жүрүп жатат. Оппозиция өкүлдөрү түрк артиллериясынын көмөгү менен Асаддын армиясына каршы согушту улантууда. Сириянын өкмөтүн Орусия колдойт.

Түркия соңку күндөрү куралдуу оппозициянын таянычы саналган Идлибде аскерлерин көбөйттү. Акыркы күндөрү алты киши өлдү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шейшембиде Сирия түрк жоокерлеринин өлүмү үчүн «өтө чоң кун төлөрүн» эскертти.

Расмий алганда Түркия жана Орусия Идлидбе жаатташкан тараптарды элдештирүүнүн ролун ойнойт.

XS
SM
MD
LG