Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Сапарбаев: Кыргызстандан 8000 киши кайтып келди


Кыргыз-казак чек арасы, 8-февраль, 2020-жыл.
Кыргыз-казак чек арасы, 8-февраль, 2020-жыл.

Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев Кордайдагы абал тууралуу маалымат берип жатып, акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып келгенин айтты. Губернатор Кордайдагы абалды «туруктуу» деп баалап, тополоңдун себебин улут аралык кастык эмес, тек гана турмуштук чыр деп атады.

«Кечээтен бери бардык мектептер, бала бакчалар жана дүкөндөр иштеп баштады. Беш күн ичинде 141 адам медициналык жардам сураган. Алардын ичинен 19у полиция кызматкерлери. 10 адам каза болду. Курман болгондордун үй бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлүүдө» - деп билдирди.

Сапарбаевдин айтымында, Кыргызстандын ооруканаларында жаткан бейтаптар Алматыга которулган. "Учурда Кыргызстандын ооруканаларында бир да жабырлануучу калган жок» - деди.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. Кыргыз расмий органдары 4 жарым миңдей киши чек арадан өтүп келгенин маалымдаган. (YI)

XS
SM
MD
LG