Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

Ооганстанда аскердик академиянын жанындагы жардыруудан беш киши өлдү


Ооганстандагы жардыруулардын биринен кийин. Кабул. Сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандагы жардыруулардын биринен кийин. Кабул. Сентябрь, 2019-жыл.

Кабулдун түштүгүндө 11-февралда болгон бул окуя акыркы бир нече айлардан берки ири чабуул катары бааланууда. Жардыруу ооган президенти Ашраф Ганиге АКШнын мамкатчысы Майк Помпео талибдер менен элдешүү тууралуу сүйлөшүү «өнүгүп жатканы» байкалганын айткан учурга туш келди.

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Азаттыкка» маршал Фахим атындагы аскердик академиянын кире биришинде жанкечти өзүн жардырып, беш киши өлгөнүн кабарлады. Ал эми полициянын өкүлү алты киши өлүп, алардын төртөө аскер адамдары болгонун маалымдады. Анын сөзү боюнча 12 киши жарадар болгон.

Жардыруу таңкы саат 7лер чамасында, курсанттар менен кызматкерлер академияга кирип жаткан учурда болгон.

«Талибан» жардырууну мойнуна алган жок.

.

XS
SM
MD
LG