Ашхабадда аймактардан келип иштеп жаткан катттоосу жок жарандар шаардан чыгарылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, өткөн жумада бийлик өкүлдөрү шаардагы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, Ашхабадда каттоосу жок кызматкерлерди жумуштан кетирүүнү талап кылышкан.
«Дүйшөмбү күнү бир нече мекеме аймактардан келип иштеп жаткан кызматкерлерин жумуштан кетирди», - деп билдирди радионун кабарчысы.
Түркмөнстанда аймактардан келген каттоосу жок жарандарды Ашхабаддан чыгаруу системага айланган. Мындай көрүнүш көбүнчө майрамдардын же мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын алдында көп байкалат.
Түркмөнстанда калктын саны, иш менен камсыз болушу жана миграциясы тууралуу расмий статистикалык маалыматтар ачык жарыяланбайт.