Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Финполдун мурдагы кызматкери коррупциялык схема боюнча шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы кызматкери коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 15 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы анын мыйзамсыз ишмердигин аныктаганы тууралуу кабар 12-февралда таратылды.

Расмий маалыматка ылайык, шектүү Финполициянын Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата район аралык бөлүмүндө иштеген. Ал түзгөнү айтылып жаткан схемага ылайык, Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга салык төлөбөстөн товар ташылган.

Шектүү 2017-2018-жылдары кызыкчылыгы бар кишилер менен сүйлөшүп алып, 127 миллион сомдук товар импорттогону айтылууда. Андан тышкары, ал эл аралык издөөдө жүргөн BMW-X5 үлгүсүндөгү машинени айдап жүргөнү такталган.

Шектүү коррупцияга тиешеси бар деген негизде 2018-жылы ноябрда кызматтан алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган. 2020-жылдын 6-февралында ага Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен айып коюлуп, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. (SE)

XS
SM
MD
LG