Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Нурбек Айбашевдин соту аягына чыга элек


Нурбек Айбашев.
Нурбек Айбашев.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин коррупцияга байланышкан иши боюнча сот аягына чыга элек.

Жогорку соттун басма сөз кызматы териштирүү Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланып жатканын 12-февралда билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Айбашев №1 тергөө абагында отурганын маалымдады.

Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.

Тергөө учурунда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. (SE)

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру. Ыкчам видео.

XS
SM
MD
LG