Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Аба ырайы: 13-февралда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...-8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -2...-7° болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...2° болот. Мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түндө туман түшөт.

XS
SM
MD
LG