Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

HRW: «Сеть» иши боюнча өкүм жокко чыгарылышы керек


«Сеть» тобунун мүчөлөрү сот залында. Пенза шаары, 10-февраль, 2020-жыл.
«Сеть» тобунун мүчөлөрү сот залында. Пенза шаары, 10-февраль, 2020-жыл.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму орус бийлигин башкалардан айырмаланган пикирдегилердин оозун террорго каршы мыйзамдарды колдонуу менен жабууга аракет кылбай, маселени «конструктивдүү диалог» аркылуу чечүүгө чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 12-февралда Пензанын соту «Сеть» иши боюнча айыпталган жети адамды алты жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыраткандан кийин ушундай билдирүү жасады.

Айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алышкан жок. Алардын алтоо абакта кыйноого кабылганын, иш жасалма токулганын билдирди.

«Human Rights Watch» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уильямсон​: «Айыпталуучулардын иши калыс каралган жок. Өкүм жокко чыгарылышы керек. Ал эми кыйноо жана жасалма токулган иштер тууралуу дооматтар жакшылап иликтениши керек», - деди.

Орус тергөөчүлөрү топтун мүчөлөрү 2018-жылы президенттик шайлоо убагында жана дүйнөлүк футбол мелдешинде бир катар жерлерди жардырууну пландаштырып, өлкөдө «кырдаалдын туруктуулугун бузуу» аркылуу куралдуу козголоң уюштурууну көздөгөн деп эсептешет.

«Мемориал» укук коргоо уюму «Сеть» иши боюнча айыпталгандарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG