Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Нью-Гэмпшир: Сандерс менен Буттижич алдыда


Пит Буттижич, Берни Сандерс.
Пит Буттижич, Берни Сандерс.

АКШда сенатор Берни Сандерс Нью-Гэмпширде өткөн демократтардын ички жарышында алдыга чыкты. 11-февралда өткөн добуш берүүдө 78 жаштагы Сандерс 25,9% колдоого ээ болду, андан кийинки орунду мурдагы мэр Пит Буттижич 24,4 % добуш менен ээледи.

Миннесота штатынан сенатор болгон Эми Клобушар күтүүсүздөн үчүнчү орунга чыкты. Ал эми буга чейин шайлоодо Трамптын башкы атаандашы болору айтылып келген мурдагы вице-президент Жо Байден болгону 8% добуш топтой алды.

Нью-Гэмпширдеги добуш берүүдөн кийин ишкер Эндрю Яң мындан ары президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартканы маалым болду.

Демократтардын атынан президенттик шайлоого катышууну 10 талапкер көздөп турат. Алардын ар бири жеңишке умтулуп, «Дональд Трампты экинчи мөөнөткө өткөрбөйбүз» деп убада беришүүдө.

АКШда президенттик шайлоо быйыл ноябрь айында өтөт. Республикачылардын арасынан Трампка атаандаш чыкпай тургандыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG