Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Бакуда оппозициялык талапкерлерди полиция кармап кетти


Бакудагы оппозициянын митинги. 11-февраль, 2020-жыл.
Бакудагы оппозициянын митинги. 11-февраль, 2020-жыл.

Азербайжан полициясы өткөн парламенттик шайлоодо оппозиция же өз алдынча талапкер катары шайлоого катышып, соңунда шайлоону «таза өткөн жок» деп сындап чыккан 20 талапкерди кармады. Парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулар ошол күнү эле сындашкан.

11-февралда парламенттик шайлоого нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына келип, нааразылык ирээтинде жуурканга оронуп отуруп алышкан. Акциянын бардык катышуучуларын полиция кармап кетти. Азербайжандын ички иштер министри Эхсан Захидов «акция мыйзамсыз, анын катышуучулары мыйзамдын талаптарына моюн сунган жок» деп билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, азери президентинин «Жаңы Азербайжан» аттуу партиясы парламенттеги 125 орундун 70ин ээлегенин жарыялаган. Калган 55 орун азыркы президент Илхам Алиевге ыктаган, өз алдынча чыккан талапкерлерге жана майда партияларга тийди.

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралда өткөн.

XS
SM
MD
LG