Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Донбасстагы кырдаал боюнча орус-украин сүйлөшүүлөрү жанданат


Донецк. Иллюстрациялык сүрөт.
Донецк. Иллюстрациялык сүрөт.

Украин президентинин администрациясынын башчысы болуп жаңы эле дайындалган Андрей Ермак сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык берет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Ал президент Зеленскийдин командасы жикчилдердин көзөмөлүндө турган Украинанын чыгышындагы согушту токтотуу аракеттерин улантарын журналисттерге 12-февралда айтты.

«Украин президенти үчүн да, президенттик администрация үчүн да Донбасстагы сүйлөшүүлөр маанилүү. Сүйлөшүүлөр учурунда компромисстер болушуна үмүттөнөм. Мен мекечилдер менен да, компетенттүү адамдар менен да сүйлөшүүгө даярмын», - деди ал.

Бирок Украина менен Орусиянын президенттеринин бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрү артка жылышы ыктымал экени айтылууда. Буга Киев менен Москвада тиешелүү жетекчилердин алмашканы себеп болуп жатат.

Жакында эле орус президенти Путин да орус-украин сүйлөшүүлөрүнө жооптуу адамды украин улутундагы адамга алмаштырганын маалымдаган. Ага ылайык, Дмитрий Козак бул иш боюнча жооптуу Владислав Сурковду алмаштырган.

Путин менен Зеленскийдин Донбасстагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүсү 9-декабрда, Парижде «Норманд төрттүгүнүн» алкагында өткөн. Сүйлөшүүгө Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон ортомчулук кылган.

XS
SM
MD
LG