Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Бахадыр Кочкаров Калыстар комитетинин төрагасы болду


Бахадыр Кочкаров.
Бахадыр Кочкаров.

Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын Футбол бирикмесинин Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечим 12-февралда бирикменин аткаруу комитетинин отурумунда кабыл алынганын Футбол федерациясы кабарлады.

Бахадыр Кочкаров – кыргызстандык белгилүү футбол калысы, карьерасын 1997-жылы баштаган. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) калысы катары алгач 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн Дүйнөлүк футбол чемпионатында мелдеш талаасына чыккан.

Эки жолу дүйнө чемпионатына катышып, тогуз оюнга оң канатта туруп калыстык кылып, футбол тарыхына кирген. Эл аралык аренадагы карьерасын 2019-жылдын аягында ийгиликтүү жыйынтыктаган. (SE)

XS
SM
MD
LG