Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Иранда үгүт өнөктүгү башталды


Ирандагы талапкерлерди каттоо жараяны. 1-декабрь, 2019-жыл.
Ирандагы талапкерлерди каттоо жараяны. 1-декабрь, 2019-жыл.

Иранда парламенттик шайлоонун алдындагы бир жумалык үгүт өнөктүгү башталды. Ага өлкө боюнча 5 миңден ашуун талапкер катышууда. Алардын 290у гана парламентке өтөт.

Сакчылар кеңеши 21-февралга белгиленген шайлоого реформачыл талапкерлердин көбүн катыштырган жок. Андыктан негизги атаандаштык ашынган эскичил көз караштарды карманган талапкерлер менен башка консерваторлордун ортосунда жүрөрү кабарланды.

Бул шайлоо байистүү саясатчы деп мүнөздөлгөн президент Хасан Роухани үчүн чоң сыноо катары каралып жатат. Ал АКШ Иранга каршы санкцияларын калыбына келтиргенден бери өлкөнүн экономикалык маселелерин жөнгө сала албай келет.

Роухани Сакчылар кеңешин талапкер болууну көздөгөн 14 миң адамдын 9 миңдейин жарыштан четтеткени үчүн кескин сынга алган. Ал бир нече күн мурда ирандыктарды «пассивдүү болбой» шайлоого катышууга чакырган.

XS
SM
MD
LG