Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Жапонияда карантинге алынган кемеде казак жарандары бар


«Diamond Princess» круиздик кемеси.
«Diamond Princess» круиздик кемеси.

Жапониянын Иокогама портундагы коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесинде төрт казак жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип 13-февралда билдирди.

«Круиз кемесинде 3700 жүргүнчү карантинге алынды. Анда 50 мамлекеттин жарандары, Казакстанды төрт атуулу бар. Алардын саламаттыгы канааттандырарлык», - деди Диас Ахметшарип.

Кемедеги карантиндин мөөнөтү 19-февралда аяктайт. Баш-аягы 200дөн ашуун жүргүнчү коронавирусту жугузуп алганы ырасталды.

Кытайдын өзүндө өпкөнү сезгенткен бул вирустан көз жумгандардын саны 1355 кишиге жетти. Өлкө аймагында вирусту жугузуп алгандардын саны 60 миң адамга чукулдады.

XS
SM
MD
LG