Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Москванын соту «Твиттер» менен «Фейсбукту» айыпка жыкты


Москванын Таганск райондук соту «Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык түйүндөрүн 63 миң долларлык айыпка жыкты. Буга эки компаниянын орусиялык колдонуучулары тууралуу маалыматты өлкө ичинде сактоодон баш тартканы себеп болду. Социалдык тармактарга каршы Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси сотко кайрылган.

Орусияда жарандардын жеке маалыматын өлкөнүн сыртында эмес, жергиликтүү серверлерде сактоону талап кылган мыйзам 2015-жылы күчүнө кирген. Ага ылайык, «Твиттер» менен «Фейсбукка» талапты аткарууга 2020-жылдын 31-январына чейин убакыт берилген.

Жарандык активисттер орус бийлигинин мындай аракетин социалдык тармактардын колдонуучулары тууралуу маалыматты колго алуу максаты менен түшүндүрүп келишет.

Былтыр ноябрь айында Интернеттин Орусиядагы сегментинин же Рунеттин глобалдык желеден бөлүнүшүнө жол ачкан мыйзам күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG