Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Ош шаардык салык кызматынын жетекчиси алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, Ош шаардык салык кызматынын башчысы Эрмек Чоюнов Жалал-Абад шаардык салык кызматынын жетекчилигине которулду. Чоюнов жаңы эмгек жамаатына 13-февралда тааныштырылды.

Ал эми анын ордуна Ош шаардык салы кызматынын салыкты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Рахман Аданов убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эрмек Чоюнов Ош шаардык салык кызматын 2015-жылдан бери жетектеп келген. 2019-жылы шаардык салык кызматы 2, 4 млрд. сом салык жыйнаган. Бул 2018-жылга караганда 300 млн. сомго көп.

6-февралда мэр Таалайбек Сарыбашов «Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги Эрмек Чоюновду кызматынан бошотпой жатат» деп ошол учурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковго кайрылган. Шаар башчысы Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарындагы жетекчисин алмаштыруу боюнча бир нече жолу сунуш киргизген.

Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад шаардык салык кызматынын башчысы Каныбек Ормонов Бишкектин Октябрь райондук салык кызматынын жетекчилигине которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG