Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктоодо


Айдоочулук күбөлүк алыш үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.
Айдоочулук күбөлүк алыш үчүн кезекте тургандар. 24-декабрь, 2019-жыл.

Кыргызстанда 15-февралдан тартып убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Ахмед Нурманбетов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мөөнөтү бүткөн жана убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

«Аларды аныкташ үчүн атайын рейддик иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бирок жол эрежесин бузуп, алмаштырылбаган же убактылуу күбөлүгү менен жүргөнү аныкталса, айдоочу мыйзамга ылайык миң сом өлчөмүндө айып төлөйт, машинеси айып токтотмого коюлат. Айдоочу өзү машине айдоо укугунан күбөлүгүн алмаштырганга чейин ажыратылат», - деди ал.

«Унаа» мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен 38-39 миң айдоочу күбөлүгүн колуна алган.

Ал эми мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын ичинде жарактуу болуп кала берет.

Кыргызстанда 2011-жылы берилген айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаанын техникалык паспортторун даярдоочу бланктар менен камсыз кылган «Атлас Крипт» ишканасы менен түзүлгөн келишим былтыр апрелде аяктаган. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тартып берилип келди.

Расмий маалымат боюнча мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG