Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинин иши убактылуу чектелет


Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде реконструкциялоо иштери жүрөт. Бекет жөө адамдар үчүн иштей берет. Бирок коммерциялык максатта чоң жүк жана көлөмдүү колго алып жүрчү баштык алып өтүүгө уруксат жок. Көзөмөл өткөрүү жайы саат 06.00дөн 24.00гө чейин иштейт.

Маалыматка ылайык, жарандар Казакстан менен чектеш аймактардагы «Ак-Тилек», «Токмок», «Кең-Булуң», «Чалдыбар» жана «Кайыңды» өткөрмө бекеттери аркылуу коңшу мамлекетке кирип-чыга алышат. Баардык өткөрүү жайлары күнү-түнү иш алып барышат.

Кыргыз өкмөтү оңдоп-түзөө иштеринен соң көзөмөл-өткөрүү жайынын заманбап талаптарга жооп берген иштөө мүмкүнчүлүктөрү үч эсе арта турганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG