Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Казакстанда коруктун аймагында мунай издөөгө уруксат берилди


Батыш Казакстан облустук экология департаменти «Урал Ойл энд Газ» компаниясына Кирсанов коругунун аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин башчысы Ербол Куанов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коомдук талкуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар чалгындоо иштерин жүргүзүүнү колдоп добуш беришкен.

«Биз уруксат бердик. Бирок өзгөчө кайтаруудагы аймакта мунай издөө иштери быйыл башталбайт», - деди Куанов.

Казакстанда Кирсанов коругунда чалгындоо иштерин баштоо пландалып жаткандыгы тууралуу былтыр күзүндө айтыла баштаган. Жаңы жылга чейин корукка барыш үчүн жол төшөлүп, көпүрө курулган.

Кирсанов коругу 1967-жылы түзүлгөн. Анда аймактагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар байырлайт.

XS
SM
MD
LG