Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы мыйзам долбоорун сунуш кылды


Ошто өткөн «Бандит» рейдинен кармалгандар.
Ошто өткөн «Бандит» рейдинен кармалгандар.

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу беренелерге өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жазасын күчөтүү, аларды аныктоо жана чара көрүү механизмдери жазылган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Ага ылайык, Жазык кодексинин 249-беренесине («Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу») бир топ өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилет.

Мисалы, аталган берене «Кылмыштуу топтор же уюмдар арасында кылмыштуу таасир жана кылмыштуу кирешелер чөйрөлөрүн бөлүштүрүү», «Кылмыштуу уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү жана ошондой жолугушууларга катышуусу», «Кылмыш иерархиясында жогорку абалга ээ болгон адам тарабынан жасалган кылмыштар» деген пункттар менен толукталат. Ошондой эле «Кылмыштуу иерархияда абалга ээ болуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды каржылоо» деген жоболор киргизилет. Башкача айтканда, 249-беренедеги («Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу») жогорудагы белгилерге туура келген кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу каралат.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG