Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:50

Адистер мигранттардын балдары жашаган үй-бүлөлөрдү кыдырууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарга карата катаал мамиленин, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдү аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында атайын түзүлгөн штабдын мүчөлөрү өлкөнүн бардык райондорунда эл ичин кыдырып жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Айрыкча мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг кылып, зомбулукка жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген.

Маалымат базасы жашоо шарты оор үйдө тарбияланып жаткан балдарды ыкчам аныктап, аларды коргош үчүн тийиштүү чара көрүүгө шарт түзөт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG