Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Дрезден шаарынын бомбаланышынын 75 жылдыгы эскерилүүдө


Дрезден шаары 1945-жылдагы бомбалоодон кийин.
Дрезден шаары 1945-жылдагы бомбалоодон кийин.

Германияда Дрезден шаарынын бомбаланышынын 75 жылдыгы эскерилип жатат. 1945-жылдын 13-15 февраль күндөрү нацисттик Германияга каршы күрөшкөн өнөктөштөр - Британия менен Кошмо Штаттар бул шаарга төрт тоннадай бомба ташташкан. Абадан урулган соккулардан 25 миңге жакын адам курман болгон. Шаардын тарыхый борбору дээрлик талкаланган.

13-февралда Германиянын президенти Франк Вальтер-Штайнмайер Дрездендеги Маданият сарайында сөз сүйлөдү. Ал өз билдирүүсүндө 75 жыл мурунку аба соккуларынан курман болгондорду эскерип, ошол эле маалда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Германиянын жоопкерчилигин да белгилей кетти. Президент ошондой эле миңдеген адам менен бирге тынчтык акциясына катышты.

Шаар полициясы оңчул экстремисттердин жана неонацисттердин 15-февралга белгиленген ири демонстрациясына даярдык көрүүдө. Бул күнү аларга каршы да митингдер уюштурулушу ыктымал. Дрездендин мэри Дирк Хилберт жергиликтүү радиодогу маегинде «Улутчулдук жана оңчул популизм демократияга коркунуч жаратууда» деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG