Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Бишкек генералдын билдирүүсүнө байланыштуу расмий Дүйшөмбүдөн реакция күтөт


14-февраль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Жолугушууда кыргыз тарап Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Тышкы иштер министрлиги 13-февралда Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында жана Интернетте тараган маалыматтарда милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деп жалган айтып, тарыхты бурмалаган деп эсептейт.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси жогорку кызматтагы жана күч органдарынын өкүлү чагымчыл аракеттердин ордуна мындай көрүнүштөрдү жөнгө салышы керектигин баса белгилеген. Кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүнүн реакциясын күтөрүн жана мындай фактылар кайталанбайт деп ишенерин билдирген.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов чек арага чектеш аймактагы элдин ынтымагына доо кетире турган билдирүү таратты деп айыптаган.

Азырынча тажик тарап бул билдирүүгө жооп бере элек.

Кыргыз бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарлаган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда.

Учурда эки мамлекеттин топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын Самаркандек жана Көк-Таш тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG